• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Түз эфир: Жогорку Кеңеш жыйынга чогулду

28 Аяк оона 2022 10:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат.

Күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. 2022-жылдын октябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө;

2. “2021-жылдын 4-мартында кол коюлган, 1994-жылдын 9-декабрындагы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 50 жылдыгына байланыштуу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, согуш жылдарындагы ооруктун эмгекчилери жана каза болгон аскерлердин жесирлери үчүн кошумча жеңилдиктерди жана материалдык жардамды белгилөө жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 01.06.2022деги кир.№ 6-10902/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);

3. “Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 10.05.22деги кир. № 6-8561/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);

4. “Эл аралык чукул жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 14.03.22деги № 138 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);

5. “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Акаев Ж., Ормонов У., Түмөнбаев А., Айдарбеков Ч., Алиев М.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);

6. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 03.06.22деги кир. № 6-11219/22)  (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет, Социалдык саясат боюнча комитет);

7. “Соттук-эксперттик иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 15.06.22деги кир. № 6-12445/22) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет). 

Количество просмотров: 111