Бүгүн, 16‐февралда Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму өтүп жатат.
Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):
1. “2017-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Кирешелерге жана капиталдын өсүшүнө кош салык салууну болтурбоо жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 17.11.21деги № 268 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);
2. “2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасындагы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасындагы жер көч кү тобокелдиктерин башкаруу” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 03.12.21деги № 290 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);
3. “2021-жылдын 17-февралында Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 12-ноябрындагы Атаандашуунун бирдиктүү эрежелеринин сакталышын контролдоо боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын ыйгарым укуктары ишке ашырылган учурда купуялуу маалыматты коргоо тартиби жана аны ачыкка чыгаруу үчүн жоопкерчилик жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 11.01.22деги № 2 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);
4. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир.№ 12992/21, 21.09.21) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет);
5. Кыргыз Республикасында 2022-жылы жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет).