• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түз эфир: Жогорку Кеңештин жыйыны

25 Жалган куран 2021 10:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-мартта саат 10:00дө Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүүдө.

Жыйындын күн тартиби (өзгөрүүлөр болушу мүмкүн):

1. Ар кандай маселелер;

2. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине, “Мамлеккеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет), демилгечилер – депутаттар Мавлянова М.Э., Тиллаев Т.Г., Турсунбаев А.А., Зулпукаров Т.З., Алтынбеков А.);

3. “Баалоо ишмердиги жөнүндө” мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет), демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Айдаров С.А., Абжалиев А.Т.);

4. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жарандык процесстик кодексине, Жазык кодексине, Күрөө жөнүндө мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет), демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Айдаров С.А.);

5. “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү боюнча өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалыматы тууралуу;

6. “Бишкек шаарында абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жогорку Кеӊештин 2019-жылдын 26-декабрындагы №3477-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.

Количество просмотров: 203