• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Түз эфир: Жогорку Кеңештин жыйыны

19 Бугу 2021 10:17 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-майда саат 10:00дө Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүүдө.

Жыйындын күн тартиби (өзгөрүүлөр болушу мүмкүн):

1. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууга киргизилет. Демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Осмонова А.Ш., Исмаилов У.Ч.. Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган;

2. “Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууга киргизилет. Демилгечилер – депутаттар Алтыбаева А.Т., Осмонова А.Ш., Карашев А.А., Аскарова А.А., Мамашова А.Т., Мавлянова М.Э., Строкова Е.Г., Никитенко Н.В., Орозова К.Б., Алимбеков Н.К., Каримов Н.Т., Момбеков Р.Ч.. Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган;

3. “Согуштун, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууга киргизилет. Демилгечилер – депутаттар Шыкмаматов А.Н., Никитенко Н.В.. Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет караган;

4. “2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында кол коюлган Аскердик багыттагы спутник байланыш системаларын пайдалануу жана аларды андан ары өркүндөтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо туралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууга киргизилет. Демилгечи – өкмөт. Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет караган;

5. “2020-жылдын 13-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруу системасын өнүктүрүү максатында Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууга киргизилет. Демилгечи – өкмөт. Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет караган;

6. “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет. Демилгечи – өкмөт. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет караган;

7. “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет. Демилгечи – өкмөт. Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет караган;

8. “Памирдин Жумагуловду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет караган;

9. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору. Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет караган;

10. Кыргыз Республикасынын президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Электрондук коммерция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Маматалиев М.А., Иманалиев К.К., Нурбаев А.М., Пирматов И.А., Сулейманов Б.И., Шер-Нияз С., Мусабекова Ж.А., Жунус уулу А., Бакчиев Д.Ж., Дюшалиев А.К., Сыдыгалиев Н., Жеенчороев М.К., Райымкулов Б.К., Бекешев Д.Д., Айдаров С.А., Рыспаев К.Ж., Баатырбеков А.Б., Никитенко Н.В., Токтошев Э.Т., Шарапов З.Э., Акаев Ж.К., Сулайманов А.Т., Матраимов И.И., Эргешов А.М., Карашев А.А., Баймуратов К.Ш., Гайпкулов И.Т., Турусбеков Б.С., Акматов А., Зулушев К.Т., Ибраев С.К., Мавлянова М.Э., Мамашова А.Т., Нышанов С.К., Тулендыбаев П.Р., Нурматов К.С., Масабиров Т.А., Турсунбеков Ч.А., Тиллаев Т.Г., Казакбаев Р.А.. Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган;

11. “Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-ноябрындагы №4177-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору. Демилгечиси – депутат Асылбаева Г.К.. Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган.

Количество просмотров: 106