• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Түз эфир: Жогорку Кеңештин жыйыны

10 Жалган куран 2021 10:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-мартта парламент имаратынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезектеги жыйыны өтүүдө.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. Ар кандай маселелер;

2. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2021-жылга тышкы аудиторун тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын талапкерлерин бекитүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

3. “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 28.08.20дагы № 455 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

4. “Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү, өткөрүп берүү жөнүндө жана жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө эл аралык келишимдерди ратификациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 17.12.20дагы № 615 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет);

5. “Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – депутат Мамашова А.Т.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет);

6. “Бишкек шаарында абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы № 3477-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет, Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет).

Количество просмотров: 107