• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Түз эфирде согушка каршы акция уюштурган Овсянниковага 30 миң рубль айып пул салынды

16 Жалган куран 2022 9:16 Бишкек Govori.TV

Москванын Останкино соту «Биринчи каналдын» жаңылыктар кызматынын редактору Марина Овсянникованы элди нааразылык акцияларына чакырганы үчүн 30 миң рубль айыпка жыкты. Бул тууралуу «ОВД-Инфо» басылмасы кабарлады.

Овсянникова 14-март күнү кечинде «Время» программасынын түз эфирине согушка каршы плакат көтөрүп чыгып, «Согушту токтоткула, пропагандага ишенбегиле, бул жерде сиздерге калп айтып жатышат» деп айтууга үлгүргөн. Бирок ал бул кадамы үчүн эмес, ага чейин жаздырып коюп, кийин интернетке жарыяланган видеокайрылуусу үчүн административдик жоопко тартылганы кабарланды.

Количество просмотров: 73