• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

«Биринчи каналдын» түз эфиринде плакат көтөрүп чыккан редактор дайынсыз болууда

15 Жалган куран 2022 15:31 Бишкек Govori.TV

Адвокаттар «Биринчи каналдын» редактору Марина Овсянникованы таппай жатышат. Бул тууралуу «Медуза» басылмасы «Агора» уюмунун адвокаты Даниил Берманга шилтеме берүү менен жазды.

Овсянникова 14-март күнү кечинде «Время» программасынын түз эфирине «Согушту токтоткула, пропагандага ишенбегиле, бул жерде сиздерге калп айтып жатышат» деген плакат кармап чыккан.

Буга чейин Овсянникова Москванын Останкино райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилгени кабарланган. Бирок полициячылар укук коргоочуларга ал бөлүмдө жок экенин айтышкан.

Адвокат Даниил Берман «Медузага» 15-март күнү эртең менен Овсянникованы «Останкинонун» нөмөөт бөлүмүнөн да, шаардын башка полиция бөлүмдөрүнөн да таба алышпаганын кабарлады.

Количество просмотров: 117