• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Таабалды Тиллаев, депутат: “Туристик мезгил келатканда чек ара өткөөлдөрүндө тыгын башталды…”

24 Бугу 2018 11:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.05. 2018. Govori.TV
“Өзбекстан менен мамилени жакшырттык деген өкмөт “Достук” өткөөл постундагы маселени эмнеге карабай жатат?” Бул суроону ЖКнын жыйынында депутат Таабалды Тиллаев Өкмөттүн өкүлүнө жолдоду.
Анын айтымында, Оштогу “Достук” бекетинде унаачан жана жөө адамдардын узун кезеги пайда болуп, аялдар тепселип, кыйынчылыктар катталууда. “Эгер, Өзбекстан менен чындап мамиле жакшы болсо Кара-Суудагы өткөөл пункту неге ачпай жатасыңар? Мына, азыр эле элдер чалып жатышат, Казакстан менен байланыштырган “Акжол” өткөөл постунда да “атайылап тыгын пайда кылуу” башталыптыр. Казак тараптан он адам өтсө, бизден экөө өтөт экен. Ал жерде ортомчулар “тез өткөрүп берем, 1000 сом бере кал” деп жүрүшөт дейт. Туристик мезгил келе жаткан маалда, чек араны жакшылап көзөмөлдөшүңөр керек”,-деди ал.
Эске сала кетсек, “Достук”  постундагы тыгын тууралуу буга чейин да ММКларга жазылган.
Количество просмотров: 12