• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Таалатбек Масадыковго дипломатиялык ранг берилди

19 Жетинин айы 202115:38 Бишкек Govori.TV

 Масадыков Таалатбек Шамудиновичке Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси деген дипломатиялык ранг берилди. Бул тууралуу «Кабар» мамлекеттик агенттиги жазды.

Тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Кошумчалай кетсек, Масадыков Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматына 2021-жылдын 12-июлунда дайындалган.

Количество просмотров: 711