• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Таалайбек Толубаев  ЖКда ТЭЦ боюнча жаңы жагдайды ачыкка чыгарды!

17 Бугу 2018 10:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.01. 2015. Govori.TV

Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча жаңы жагдайды бүгүн парламентте “Электр станциялары” ААКсынын мурдагы башкы директору Таалайбек Толубаев ачыкка чыгарды. Анын белгилешинче, 2017-жылдын жаз айларында, аны энергетика тармагынын жетекчилери ТЭЦтеги модернизациядагы кемчиликтерди ачыктаганы үчүн кызматтан кетирген.

“2016-жылдын аягында мен буйрук чыгарып, ТЭЦтин модернизациясы боюнча курулган обьектилерди жумушчу комиссия кабыл алсын деп буйрук чыгаргам. Жумушчу комиссия курулуш боюнча 200дөн ашык кемчиликтерди таап, акты түзүлгөн. Бирок, мени “Электр Станциялары” ААКсынын директорлор кеңеши негиссиз кызматтан алып салды. Андан соң 2017-жылдын 7-июнунда Өкмөттүк комиссия курулушту кабыл алып коюшту”,-дейт ал.

Эске сала кетсек, бүгүнү үчүнчү күнү парламент ТЭЦтеги авария жана модернизацияга кеткен 386 млн. доллар боюнча депкомиссиянын корутундусун талкуулап жатышат.

 

 

Количество просмотров: 25