Мамлекеттик салык кызматы эсеп фактураларды тариздөө тартибине өзгөртүүлөр киргизилгендигин маалымдайт. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомуна ылайык, эсеп-фактура ушулжылдын 1-майынан тартып иш жүзүндө жеткирилген күндөн кийинки беш жумушчу күндөн кечиктирбестен таризделиши керек. Мисалы, эгерде салык төлөөчү 12-майда товар жеткирсе же кызмат көрсөтсө, эсеп-фактураны милдеттүү түрдө жеткирүү күнүкатары 12-майды көрсөтүү менен 16-майга чейин тариздөө зарыл. Буга төмөнкү учурлар кирбейт: — Салык кодексине ылайык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу менен калкка товарларды сатуу, кызматтарды көрсөтүү жана жумуштарды аткаруу. Мындай учурларда эсеп-фактура отчеттук айдан …