• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Тайлаков: Антимонополия агенттиги көмүрдүн туруктуу наркын бекитти

20 Тогуздун айы 2021 16:20 Бишкек Govori.TV

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги өлкөдө сатыла турган көмүрдүн туруктуу наркын бекитти. Бул тууралуу аталган агенттиктин жетекчиси Кеңешбай Тайлаков билдирди.

«Министрлер кабинети 11-октябрда «Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн наркына убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизүү жөнүндө» токтом кабыл алып, аны аткарууну Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине тапшырган. Мунун негизинде агенттик көмүрдүн туруктуу наркын бекитти. Бишкек шаарында көмүрдүн тоннасы 4500 сомдон ашпоого тийиш. Өкмөттүн токтомуна ылайык, бул нарк 90 күн көзөмөлдөнөт. Бааны негизсиз көтөргөндөргө чара көрүлөт»,-деди Тайлаков.

Количество просмотров: 1075