• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Антимонополия айткан баа менен эт табылабы?

17 Аяк оона 202411:56 Бишкек Govori.TV

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкек, Ош шаарларындагы жана республиканын облустарындагы базарларда, дүкөндөрдө жана башка соода түйүндөрүндө эттин баасына мониторинг жүргүздү.

Антимонополиядан билдиришкендей, сатуучулар, соода түйүндөрүнүн ээлери, ошондой эле ветеринардык-санитардык дарыгерлер арасында эттин баасынын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө жана монополияга каршы мыйзамдарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Антимонополия кызматкерлери биртоп базарларда эттин баасын текшеришкен. Алар Ош базарында уй этинин баасы 600-630 сом, кой этинин баасы 510-560 сом деп билдирген.

Govori.TV сайты Ош базарындагы эттин баасы боюнча маалымат алды. Учурда уй этинин баасы 650-680 сом болсо, кой этинин баасы 550-600 сом болууда.

Количество просмотров: 375