Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда күйүүчү майдын баасын 78 сомго чейин көтөрүп жиберишти. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков билдирди.
Анын айтымында, күйүүчү майдын баасын 78 сомго чейин көтөргөндөр менен сүйлөшүү жүрдү.
«Ишкерлер Чаткалда күйүүчү майдын баасын 78сомго чейин көтөрүп жиберишти. Баанын жогорулашына аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу күйүүчү-майлоочу майлардын берилүүсүнүн үзгүлтүккө учурашы себеп болду. Аталган райондо саналуу гана менчик куюуучу жайлар иштейт. Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги чараларды көрдү. Бүгүнкү күндө аталган аймакка эксперттик топ жөнөп кетти. Жергиликтүү бийлик дагы жакшы иштерди алып барды. Күйүүчү майга болгон жогорку баа Ала-Бука менен Чаткалда болуп жатат. Бишкек шаарына салыштырсак, 10 сомго чейин айырмачылык бар. Ноябрь айынын аягына чейин тийиштүү иш- чаралар жүрөт. Алдыда жыйынтыктар менен дагы кабардар кылабыз»,-деди Тайлаков.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда баалардын кескин кымбатташы 2020-жылдын жаз айында башталган. Ошол учурда кыргыз бийлиги эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу социалдык жактан маанилүү товарлардын баасына убактылуу жөнгө салуу киргизген.