Буга чейин соцтармактарда үнү суу ресурстары жана айыл чарба министри Бакыт Төрөбаевдикине окшош адам менен дагы бир кишинин телефон аркылуу сүйлөшкөн аудиосу жарыяланган. Андагы адам Таймурас Ташиев менен азыркы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетовго ишканасын тарттырып жибергенин айткан.
Аталган аудио боюнча УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев «Регион» телеканалына комментарий берип, анда айтылгандарды четке какты.
«Адашпасам, 2022-жылы болгон. Тартып алган эмесмин, мен сатып алганмын. Жаңылбасам, 470 миң долларга алсам керек эле. Ал жакта темирлер, трубалар бар болчу, ээси кийин алып чыгып кеткен. Ал жерде өрттөнүп кеткен бир имарат бар болчу, биз ал жерге мектеп куралы деп атканбыз. Бизге Бакыт Төрөбаев ортомчулук кылган, себеби сатуучу ага тууган болчу. Төрөбаев баасын түшүргөнгө жардам берген. Азыр айрымдар атамды каралоого аракет кылып жатышат», — деди Таймурас Ташиев.
Ал ошондой эле балдар аянтчасын куруу үчүн заводдун айланасындагы бир нече дүкөндү жана үйлөрдү да сатып алганын айткан.