• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Таймурас Ташиев Өзгөндө курулган жолго мындан ары тиешеси жок экенин билдирди

7 Бештин айы 202410:00 Бишкек Govori.TV

Кечээ Оштогу Өзгөн жаңы салынган жолу ачылды. Жолдун ачылышына Президент Садыр Жапаров катышты.

Ошол жолду салууга катышкандардын бири жеке ишкер Таймурас Ташиев болгон. Ал УКМК төрагасы КамчыбекТашиевдин баласы.

Кечээ Т. Ташиев ушул жол тууралуу журналисттерге айтып берди. Ага ушул жолду салууга катышууну Нурлан Сулайманов сунуш кылганын, жолду курууга каражатты 20 жыл мурда курулган заводун сатып жана кредит алуу менен катышканын билдирди.

Т. Ташиев азыр бул долбоордо жок экендигин, бир ай мурда Темиров лайвдын ушул жол тууралуу видеосун атасы көргөнүн, ошондон кийин атасы:» балам, сен жол куруп жатканыңды мамлекеттен акча уурдап жатасың дегендей жаман көрсөтүп жатышат» деп айткан. Ошон үчүн бул долбоордон чыгып кеткенин, азыр анын үй-бүлөсүнүн бул долбоорго эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.

Мындан тышкары бул долбоор 15 жылдан 20 жыл арасында өзүн актай турганын кошумчалады.

Количество просмотров: 314