Бишкек шаарында таксиде көз жарган келин менен ымыркайдын абалы канаттандырарлык. Бул тууралуу шаардык перинаталдык борбордон кабарлашты.
Маалым болгондой, Тез жардам кызматына 15-август күнү саат 10:16дар чамасында чакыруу түшкөн. Анда 22 жаштагы эне төрөт үйүнө бара жатканда толгоосу келип, жолдон көз жарган.
«Бул анын экинчи төрөтү. Төрөгөн келин буга чейин каттоого туруп, үзгүлтүксүз текшерүүдөн өтүп турган. Жаңы төрөлгөн баланы текшерүү учурунда анын абалы канааттандырарлык экени аныкталды», — деп билдиришти борбордон.