Бишкек. 16.05.2018. Govori.TV
Журналист, юрист Талант Конокбаев интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызматынын стат-катчысы болуп дайындалды. Мындай буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Талант Конокбаевдин өмүр баяны төмөндөгүчө:
1962-жылы Нарын облусунун Атбашы районундагы Талды-Суу айылында төрөлгөн;
КМУнун журналистика факультетин артыкчылык менен аяктаган;
Алма-Ата шаарындагы Казак менежмент, экономика жана анализдөө институтунун “саясаттаануу” бөлүмүн окуп бүтүргөн;
Ж. Баласагын атындагы КУУнун “укуктануу” факультетин аяктаган;
Юридика илимдеринин доктору, КРнын Улуттук Илимдер Академиясынын философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр Институтутун докторанты;
«Кутбилим» («Мугалимдер газетасы»), «Агым» («Асаба»), гезиттеринде, «Замандаш» журналында иштеген;
1997-жылдан бери Премьер-министрдин аппаратында, мамлекеттик салык кызматында, Жогорку Кеңеште, Башкы прокуратурада эмгектенген;