Талантбек Солтобаев транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Солтобаевдин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.