• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Талапка жооп бербеген 11 мал базар жабылды

15 Жалган куран 2023 13:55 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда талапка жооп бербеген 11 мал базар жабылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР өкмөтүнүн 2017-жылдын «Ветеринария жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, республика боюнча жалпы 58 мал базар каттоодон өткөн. Анын ичинен бүгүнкү күндө 47 мал базар ветеринардык-санитардык экспертизадан өтүп, 11 мал базар талапка жооп бербегендиги үчүн айып пул салынып, убактылуу жабылды.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандагы мал базарлардын абалын кескин сынга алып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө базарлардын шартын жакшыртып, чукул арада асфальт төшөө тапшырмасы берген

Количество просмотров: 921