• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Талас шаарынын мэри аким болду

16 Теке 202510:11 Бишкек Govori.TV

Талас районуна жаңы аким дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын 8-беренесине ылайык Астанакулов Байышбек Кахроманович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Талас облусунун Талас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.

Ал буга чейин Талас шаарынын мэри болчу.

Количество просмотров: 201