Бүгүн, 25-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков сөз сүйлөп, аймактар аралык альтернативдүү жолдорду салуу демилгесин көтөрдү.
Тагыраагы, депутат Сосновка – Ашуу-Төр – Талас унаа жолун куруу зарылчылыгына токтолуп: “Талас облусун өлкөнүн башка аймактары менен байланыштырган бир гана жол бар. Ал Төө-Ашуу, Өтмөк ашуулары аркылуу өтүп, өзгөчө кыш мезгилинде жүргүнчүлөргө бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Андан тышкары, Төө-Ашуудагы К.Колбаев атындагы туннель 1962-жылы салынып, эскилиги жеткендиктен, ар кандай жол тыгындарынын жаралышына өбөлгө түзүүдө. Туннелде желдетүү, суу топтолуу жана коопсуздук маселелери да бар. Эгер туннель жабылып калса, өлкөбүз үчүн да, экономикабыз үчүн да оор кырдаалдарды пайда кылышы мүмкүн. Андыктан, бизге кошумча альтернативдүү жол керек”, – деди.
Ошондой эле Сосновка – Ашуу-Төр – Талас унаа жолун куруу маселеси көп жылдан бери көтөрүлүп, Курултайда да айтылганын эске салган Бактыбек Чойбеков аталган каттамды өзү эки жолу көрүп келгенин билдирди.
Ал эми сунушталган альтернативдүү жолдун узундугу 100 чакырымды түзөрүн айткан депутат анын 70 чакырымын Талас районундагы Көпүрө-Базар айылынын тургундары жайлоого баруу үчүн колдонуп келе жатканын кошумчалады. Муну бирге “Кыргызтелеком” ишканасы аталган каттам аркылуу өзүнүн чубалгыларын алып өткөнүн да маалымдады.
“Ошондуктан жаңы жолдун салынышы эки ашууну басып өтпөй, убакытты үнөмдөөгө жана экономикалык ишмердүүлүктү кеңейтүүгө шарт түзөт” – деген депутат Министрлер кабинетин аталган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга чакырды.