• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Талашка түшкөн шайлоо алдындагы дебаттар…

6 Чын куран 2021 20:05 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын 2-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоого өз талапкерлеринин тизмесин каттоодон өткөргөн саясий партиялардын арасында дебаттар өткөрүлө баштады.

Бирок бул акысыз  дебаттар бир гана мамлекеттик каналдарда берилген.

Ал арада жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына аттангандар биринчи ирээт көз карандысыз дебаттарды уюштурду.

Ал эми БШК мыйзамга ылайык шайлоого аттанган партиялар бекер дебаттарга мамлекеттик каналдарда гана чыгууга укутуу экенин эске салып, ал эми калган эфирлер бир гана шайлоо фонду аркылуу, тагыраагы акча төлөнгөн соң гана өткөрүүгө мүмкүн экени айтылды.

Бирок, бир гана мамлекеттик каналдардан дебат өткөрүү туура эмес дегендер да бар.  Укук коргоочу Рита Карасартованын айтымында мамлекеттик каналдарга карата жеке басаарлык сапаты иштеп  жатканын айтат. Ал белгилегендей партиялар өз программасын элге кенен тааныштыруу үчүн башка антчыларга шарт түзүү керек.

Журналист, эксперт Шаирбек Маматокторов мамлекеттик каналдар менен жеке каналдардын ишмердүүлүгүн тең салмактуулукка алып келип, тандоо укугун коомчулукка коюу дурус  деп эсептейт.

Ал эми БШКнын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо бир гана Бишкек кеңшинин депутаттыгына талапкерлерге мамлекеттик каналдарда дебат уюштуруу туура эмес болуп калганын  айтат. Ал кошумчалагандай БШК дебат өткөрүү жол-жоболорун толук кандуу бекитип бере албай келет.

Жарандар туура тандоо кылуусу үчүн бийликке кимдер келе жатканы тууралуу маалыматты толук кандуу алуусу керек эмеспи. Ал эми коомчулукка маалымат жеткирүүнүн ар кандай түрү бар. Ал эми эксперт Эмил Жураевдин айтымында дебат форматындагы маалымат жеткирүү өтө эффективдүү жол экенин белгилейт.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 орунга 24 партиядан 1820 талапкер ат салышууда.

Кыргызстанда мамлекеттик телеканалдар аркылуу көрсөтүлүүчү жана Борбордук шайлоо комиссиясы уюштуруучу дебаттар адатта парламенттик жана президенттик шайлоолордо болот.

Количество просмотров: 156