• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Салыкчылар мамлекетке 9 миллион сомдой зыян келтиришкен

25 Аяк оона 202412:35 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматынын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Салык органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо иштеринин жүрүшүндө Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 14-апрелиндеги № 220 токтомун системалуу түрдө бузуу фактылары аныкталып, Мамлекеттик салык кызматынын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан, Нарын шаарынын май куюучу жайларында күйүүчү-майлоочу майларды сатууда салык төлөөдөн качкан жеке ишкердик субъекттерине жеңилдиктерди беришкен. Натыйжада мамлекетке 9 млн. 134 миң сом зыян келтирилген.

Аталган фактынын негизинде 24-сентябрда Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгынын салык көзөмөлү жана карызды өндүрүү бөлүмүнүн башчысы М.М.Э. жана ошол эле бөлүмдүн инспектору М.Ж.М. кармалды.

Учурда ушул сыяктуу жана башка кылмыштарга тиешеси бар башка салык кызматкерлерин аныктоо иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 194