Мүрзөдө болгон окуя боюнча Талас ОИИБдин басма сөз кызматы маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, Талас РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда үстүбүздөгү 7-июль күнү Чат-базар айылындагы көрүстөндөгү 6 даана крестти белгисиз жарандар сындырып кеткендигин билдирген.
Аталган билдирүү Талас РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып текшерүү иши башталган.
Талас районунун Чат-Базар айылынын Тараз-Талас-Суусамыр автожолунун түштүк тарабында “Орус-Словян” көрүстөнгө кароо жүргүзгөн учурда 7 даана жыгачтан жасалган крест жыгачтары ордунун жулунуп габро таштын үстүнө коюлуп калганы такталган. Аталган көрүстөн 2017-жылдан бери пайдаланбай келгенин айланасынын баары курчалбаганын, буга чейин малдар кирип жүргөнү такталган.
«Мындан тышкары, Маркидинова Лидия, Банникова Вера, Мох Николай, Балыбина Галина, Есин Виктор, Плаксин Павел, Шевченко Шура, Руднева Степанида, Руднев Николай, Маркидонов Владимирлердин жакын туугандары суракка алынып алар өз көрсөтмөлөрүндө аталган окуя боюнча эч кимге эч кандай арыз дооматы жоктугун айтып арыз жазуудан баш тарткан»,-деп жазылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө “Орус-Словян” көрүстөнүнүн эшигине кулпу салынып бекитилди, азыркы учурда текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.