• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Таласта окуучу асынып алды. Окуянын чоо-жайы

20 Бештин айы 2022 9:26 Бишкек Govori.TV

Таласта 14 жаштагы окуучу асынып алды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 17-декабрында Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылынын тургуну 2008-жылы туулган А. С. үйүндө каза болгондугу жөнүндө билдирүү түшкөн.

Аталган билдирүү маалыматтардын электрондук журналына катталып, Бакай-Ата РИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу жеринен барып текшерүү жүргүзгөн.

«Өз үйүнүн артында асынып каза болгондугу аныкталган. Анын жансыз денеси 2022-жылдын 18-декабрында жерге берилди. Бул окуя боюнча жакындары эч кимге арыз дооматы жоктугун билдирген»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 177