Бүгүн 22-августта Таластагы “Манас Ордо” улуттук комплексинде Париж олимпиадасында жеңген спортчуларга жана катышуучуларга, алардын машыктыруучуларына арналган салтанаттуу иш-чара уюштурулду.
Сыйлоо аземи театрлаштырылган оюн-зоок жана концерттик программа менен коштолду.
Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев спортчуларга жана машыктыруучуларга ыраазычылык билдирип, акчалай сыйлыктарды тапшырды. Мындан сырткары, кыз спортчуларга алтын зер буюмдары, жигит спортчуларга аргымак берилди. Акчалай сыйлык демөөрчүлөрдүн эсебинен уюштурулду.

Спортчулар Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекова 500 миң сомдон, Мунарбек Сейитбек уулуна 1 миллион сом, Бекзат Алмаз уулуна 300 миң сом, Айпери Медет кызына 300 миң сом, Үзүр Жусупбековго 1,5 миллион сом, Жоламан Шаршенбековго 1,5 миллион сом жана Мээрим Жуманазаровага 3 миллион сом берилди.
Машыктыруучулар Азат Эркинбаевге жана Нурбек Изабековго 150 миң сомдон, Рахмадил Жуманазаров менен Хаким Махмудовго 200 миң сомдон тапшырылды. Дагы 12 машыктыруучуга 100 миң сомдон берилди.

Быйылкы Олимп оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу катышкан. Кыргызстан эки күмүш, төрт коло медалы менен 68-орунду ээледи.