• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Таластагы иш-чарада каскадер жаракат алды

30 Баш оона 2021 11:13 Бишкек Govori.TV

Өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналып, Таласта өткөн иш-чарада каскадер жаракат алды. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Маалыматка караганда, ал ат үстүндө от менен оюн көрсөтүп жатып кулап түшкөн учурда ат сүйрөп кетип, жабыркаган чабандес «Тез жардам» менен ооруканага жеткирилген. Анын бети күйүп, акыреги сынган.

Белгилей кетсек, 29-августта, Таластагы «Манас ордо» улуттук этно комплексте өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган «Урааным Манас!» деп аталган театрлаштырылган салтанат өтүп, ага президент Садыр Жапаров катышты.

Количество просмотров: 146