• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте үч күн бою жол тыгын болот. Борбордо эл аралык иш-чаралар өткөрүлөт

27 Чын куран 202623:25 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги Тоголез Республикасынын делегациясынын расмий сапары жана эл аралык иш-чаралар учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздайт

2026-жылдын 28-30-апрелинде Тоголез Республикасынын Министрлер кеңешинин төрагасы Фора Эссозимна Гнассингбенин Кыргыз Республикасына расмий сапары өтөт.

Ошол эле учурда, 2026-жылдын 26-апрелинен тартып Кыргыз Республикасында бир катар эл аралык иш-чаралар болуп жатат. Алардын ичинде Кытай Эл Республикасынын Коргоо министринин расмий сапары жана Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмеси бар.

Ошондой эле 2026-жылдын 26-28-апрель күндөрү ШКУга мүчө мамлекеттердин санариптик жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министрлеринин бешинчи жыйыны жана Жасалма интеллект форуму өткөрүлүүдө.

Кошумча катары, 2026-жылдын 27-30-апрелинде Бишкек шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин туризм тармагынын жетекчилеринин жыйыны өтөт.

Иш-чараларга байланыштуу ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөрүлдү. Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ички аскерлердин аскер кызматкерлери тартылат.

Автотранспорт кыймылы расмий делегациялардын кортеждери өткөн мезгилде, ошондой эле иш-чаралар өтүүчү жерлерде убактылуу чектелет.

Өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүн эске алуу менен жарандарды киргизилген чараларга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз. Тыгындардын алдын алуу максатында алдын ала маршруттарды пландап, жол кыймылынын эрежелерин сактоону жана автоунааларды борбордук көчөлөрдө калтырбоону сунуштайбыз.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Количество просмотров: 82