• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

«Талибан» аялдардын хижаб кийип, эркектерден өзүнчө окуусуна уруксат берди

14 Аяк оона 2021 9:26 Бишкек Govori.TV

Ооганстанда кыздар жогорку окуу жайларга барса болот, бирок милдеттүү түрдө хижаб кийип, эркектерден өзүнчө окушу керек. Бул тууралуу «Талибан» (бүткүл дүйнөдө тыюу салынган террористтик уюм) кыймылы түзгөн өкмөттүн мүчөсү Абдул Баки Хаккани 12-сентябрда Кабулдагы маалымат жыйынында билдирди.

Өкмөттө билим берүү маселесине жооптуу Хаккани «Талибан» 20 жыл мурдагы мезгилге кайтып барууну каалабасын, бирок аялдарга «дресс-код» милдеттүү болорун белгиледи. Ал хижаб дегенде аялдар жүзүн да жапкан кийим кийиши керекпи-жокпу тактаган жок.

«Талибан» Ооганстандагы жеке менчик университеттер менен коллеждердеги аялдар кандай кийиниши керектигин аныктаган жаңы эрежелерди киргизгени ушул апта башында кабарланган. Ага ылайык, аялдар денесин толук жапкан кара кийим жана колдоруна мээлей кийип жүрүшү керек. Ошондой эле кыздар менен балдарга класста чогуу отурууга тыюу салынат.

«Талибан» өткөн айда ооган бийлигин колго алгандан кийин Ооганстанда «аялдар менен кыздар исламдын алкагындагы бардык укуктарга» ээ болоорун билдирген.

Учурда дүйнөлүк коомчулук талибдер түзгөн өкмөттүн чечимдерине көз салып турат. Радикал топтун мүчөлөрү 20 жыл мурдагыдан өзгөргөнүн убада кылууда. Талибдер 1996-2001-жылдары Ооганстанды башкарып турганда өтө катаал эрежелерди киргизип, аялдардын билим алуусу, эркин көчөгө чыгуусуна тыюу салган.

Буга чейин аялдардын укуктарын коргоону талап кылган кыз-келиндер Ооганстанда нааразылык акцияларын өткөрүп, талибдер аларды күч менен тараткан.

Количество просмотров: 286