• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Тамак-аштын баасын жогорулаткандарга айып салынат

13 Үчтүн айы 202613:17 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө жыл башынан тарта коомдук тамактануучу жайларда тейлөө кызматтарына берилчү төлөмдү алып салуу боюнча токтом күчүнө кирген.

Көп өтпөй жарандар тамактануу жайлары тамактын баасы кыйла кымбаттап калганын айтышып, бир катар талкуулар жаралууда.

Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Женалы Орозбаев айтымында, учурда керектөөчүлөрдөн кайрылуулар келип түшүүдө.

“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча мыйзамдын негизинде бизде атайын көзөмөл бар. Биз ага ылайык, текшерүүнүн планын бекиттик. Анын негизинде бардык коомдук тамактануу жайларын пландуу турдө текшерүү жүрөт. Эгерде алар жазылгандан четтеп кетсе, сөзсүз турдө мыйзам чегинде айып пул салынат, мисалы, тамак-аштын көрсөтүлгөн өлчөмү аз болсо, өзүнчө айып пул салынат. Мында соода эрежелерин бузгандыгы деп айып салынышы мүмкүн. Коомдук тамактануу жайларынын баарын биз көзөмөлгө алып баштайбыз”, — деген ал.

Количество просмотров: 110