• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Тамчыдагы аэропорттун күтүү залын суу каптады (видео)

7 Теке 2023 12:18 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда Тамчыдагы «Ысык-Көл» аба майданынын имаратынын чатырынан жамгырдын суусу агып жаткан видео тарады.

«Бирде тосмосу кулап, эми минтип үстүнөн жамгыр аккан чыры бүтпөс Тамчы аэропорту. Уят, эң эле уят»,- деп жазышууда соцтармак колдонуучулары.

«Манас» эл аралык аба майданынын басма сөз кызматы бул боюнча түшүндүрмө берди.

«6-июлда мөндүр аралаш нөшөрлөп жамгыр жааганда жаандын саркынды суусу аккан түтүктөр толуп калып, мындан улам аэропрттун күтүү залын суу каптаган. Мүчүлүштүк жарым сааттын ичинде жөнгө салынды. Учурда аба майдан штаттык режимде иштеп жатат, каттамдар кармалган жок»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 90