Митингге чогулган эл Ак үйдү көздөй бет алышкан, учурда тартип сакчылары аларды көздөн жаш чыгаруучу заттарды ыргытышып, суу менен атып таратуу аракетин көрүшүүдө.
Бүгүн, 5-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жатат. Алгач «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары баштаган акцияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери барып кошулган.
Митингде шайлоо ыплас өткөнү, анын жыйынтыгын жокко чыгаруу жана жаңы шайлоо өткөрүү керектиги айтылып жатат. Акциянын катышуучулар мөөнөтсүз митинг жарыялашып, кайрадан шайлоо өткөрүү керектигин айтышууда.
Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өттү. Шайлоого жалпысынан 16 партия катышкан. БШК жараянды таза өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн билдирген.