• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Тарых музейинин иштөө убактысы узарды

12 Чын куран 20229:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында эки музейдин иштөө убактысы узарды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Тарых музейи күн сайын саат 10:00дөн 20:00гө чейин иштей турган болду. Ал эми Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейи жуманын бейшемби күнү саат 11:00дөн 20:00 чейин, калган күндөрү саат 11:00дөн 19:00гө чейин иштейт.

«Буга чейин бекитилген графикке ылайык, бардык музейлер үчүн дүйшөмбү күн дем алыш бойдон калат»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, музейлер буга чейин 18:00гө чейин иш алып барып келген.

Количество просмотров: 120