Садыр Жапаров жеке менчик автомектептердин ишин токтотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, 2026-жылдын 30-январынан 30-августуна чейин автомототранспорт каражаттарын айдоочуларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү иш-аракеттерин жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча апробациялык режим киргизилет.
Апробациялык режимдин мезгилинде жеке менчик билим берүү уюмдарына (автомектептерге) автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашырууга мурда берилген лицензиялардын колдонулушу токтотулат. Апробациялык режим мезгилинде билим берүү иши мамлекеттик автомектептер тарабынан жүзөгө ашырылат.
Президенттин Иш башкармалыгына апробациялык режимдин жыйынтыгы боюнча тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизүү тапшырылды.
Жарлык расмий түрдө жарыяланууга тийиш жана 30-январдан тартып күчүнө кирет.