• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Тарых музейи качан ачылаары белгисиз

6 Кулжа 2018 10:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.06.2018. Govori.TV
Эки жылдан бери реконструкциялоо иштери жүрүп жаткан улуттук тарых музейинин качан ишке берилээри көпчүлүктү кызыктырып келет. Бул боюнча Govori.TV сайтынын журналисттери музейдин кызматкерлерине телефон аркылуу байланышканда; «Музейдин качан ачылаарын айта албайбыз, азырынча бул тууралуу тактоолор жүрүп жатат» — деген кыска жоопту беришти.
Ал эми музейге барып тиешелүү өкүлдөрдөн кененирээк маалымат алууга аракет кылганыбызда, КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин уруксааты жок маалымат берүүдөн баш тартышты.
Эске сала кетсек, борбордук аянттан орун алган улуттук тарых музейине реконструкциялоо иштерин жүргүзүү үчүн 2016-жылдын 25-мартында жабылган. Музейди оңдоп-түзөө милдети алгач Түркиянын Кызматташтык жана өнүгүү боюнча агенттигине (ТИКА, TİKA) жүктөлгөн. Реконструкциялоо иши эки этаптан туруп, ошол эле жылдын 31-августунда бүткөрүлүп колдонууга берилээри пландалган. Бирок кандайдыр бир белгисиз себептерден улам оңдоо-түзөө иштери созулуп, музейдин ишке берилээр күнү уламдан-улам жылдырылып келет.
Белгилей кетсек, 25-майда Жогорку Кеңештин «Ата-Мекен» оппозициялык фракциясынын депутаттары улуттук тарых музейинин оңдоо-түзөө иштери менен таанышуу максатында, музейдин имаратында көчмө жыйын өткөргөн. Жыйындын жүрүшүндө атайын чет жерден алынып келинген эмерек менен экспонаттардын баасынын кымбаттыгын айтышып, жөнөкөй жыгачтан жасалган аттардын фигурасы 28 миң еврону түзгөндүгүн баса белгилеп, өз нараазычылыктарын билдиришкенден тарта, улуттук статусту алып жүргөн тарых музейинин айланасында жаралган окуялар коомдо кызуу талкууну жаратууда.
Количество просмотров: 14