Бишкек 25.05.18 Govori.tv
Тарых музейинде орнотулган жыгачтан жасалган инсталляцияларга 35 миң доллар корогон. Бул тууралуу «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын көчмө жыйынында белгилүү болду.
«Бул жерде 54 устун. Бир жыгачтан жасалган бир устундун баасы 600 доллар», -деди депутат Бахадыр Сулайманов.
Ал эми музей директору Кенжебек Алмакүчүков инсталляциялар Германиядан жасалып алынып келингендигин айтты.
Эске салсак, Тарых музейин кайра калыбына келтирүү иштерине бюджеттен 1 миллиард 447 сом жана Түркиядан грант катары келген 15 миллион доллар корогон.