• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

«Таш-Көмүр-Кызыл-Жар-12» жолуна асфальт төшөөдө 29 млн сом кымырылган

10 Теке 2023 18:00 Бишкек Govori.TV

«Таш-Көмүр-Кызыл-Жар-12» багытындагы жолго төшөлгөн жаңы асфальттын сапаттуулугуна текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада мамлекетке 29 млн 104 миң 829 сом зыян келтирилгендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүдө, транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №38-жол тейлөө мекемеси автомобиль жолдорунун курулуш ченемдерин жана эрежелеринин талаптарын одоно түрдө бузуп, асфальтобетон катмарынын тыгыздык коэффицентин сактабастан, анын калындыгын азайтып төшөгөндүгү, ал эми ага карабастан сапатсыз салынган жолду Жол-транспорт департаментинин кызмат адамдары акты менен кабыл алышкандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 273-беренеси (Сапаты начар курулуш) менен кылмыш иши козголгон.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иши жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 62