• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Ташиев: 7 бала төрөгөндөргө 1 миллион, 10 бала төрөгөндөргө 2 миллион сом берилет

5 Жетинин айы 2024 8:24 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда элдин санын көбөйтүү керек экенин айтты. Ташиев мамлекеттин коопсуздугу элинин санына жараша болорун, учурда өлкө жетекчилиги тарабынан бийик тоолуу аймактарда жашап, көп бала төрөгөн энелерге 2 миллион сомго чейин сүйүнчү пул берүү боюнча атайын программа иштелип жатканын белгиледи.

«Мындан ары төртүнчү баласын төрөгөн энеге мамлекет тарабынан сүйүнчү катары 100 миң сомдон, бешинчини төрөгөндөргө 600 миң сомдон, жетинчи баласын төрөгөндөргө миллион сом, сегиз, тогузду төрөгөнгө бир жарым миллион сом, ал эми онду төрөгөндөргө 2 миллион сомдон акча берилет», — деди Ташиев.

Количество просмотров: 136