• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Ташиев коррупционердин жанында отуруп калып, ыңгайсыз болуп кыйналганын айтты

9 Бештин айы 202517:12 Бишкек Govori.TV

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Region телеканалына жемкорлукка каршы күрөш боюнча маек курган. Ал өз сөзүндө 1000ден ашык завод-фабрика жана ар кандай мекемелер, ошондой эле 30 миң гектардан ашык жер мамлекетке алынганын айтты.

Маек учурунда Ташиев коррупцияга каршы мыйзамдарды күчөтүү боюнча иштер жасалып жатканын айтты. Ал белгилегендей коомчулукта жемкорлукка айыпталып кармалгандар ээн-эркин эле жүргөнү тууралуу кептер айтылган.

УКМК төрагасы мурдагы премьер-министр коррупцияга шектелип кармалып, мүлкү конфискациялангандан кийин ал менен бирге куран окутууда чоогу олтуруп калганын, ыңгайсыз абал жаралганын айтып берген.

Количество просмотров: 324