• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ташиев кытайлык компаниянын өкүлдөрүнө кыргыз тилин үйрөнүүнү айтты

29 Бештин айы 202512:51 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев кытайлык компаниянын өкүлдөрүнө кыргыз тилин үйрөнүүнү тапшырды.

Ысык-Көл облусундагы жол курулушу боюнча өткөн жыйында ал жолдун Барскоон-Каракол бөлүгүн куруп жаткан «China Road» компаниясынын өкүлдөрүнө ишти эртерээк бүткөрүү мүмкүндүгү тууралуу кайрылган.

«Сизге кыргызча сүйлөйүнбү?» — деп сурады Ташиев.

«Жок, орусча», — деп жооп берди компаниянын кызматкери.

«Эмнеге кыргызча үйрөнө элексиз? «China Road» канча убакыттан бери Кыргызстанда иштейт? 20 жылдан бери иштеп келе жатасыз! Демек, сиз кыргызча сүйлөй албайсызбы? Үйрөнүңүз!» — деди УКМК төрагасы.

Количество просмотров: 198