• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Ташиев: Мадумаров коргогон адамдардын баары аткезчи болушкан

20 Теке 202313:43 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү күнү Баткен облусунда күйүүчү май боюнча аткезчилик 100 пайыз токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда өкмөттүн жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Бул боюнча коомчулук жакшы билет. Парламентте депутаттар да маселе көтөрүп, эмне үчүн силер «Баткенде күйүүчү май алып келген ишкерлерди тосуп жатасыңар» деп трибунадан айтып чыккан. Адахан Кимсанбаевич коргогон адамдардын баары аткезчи болушкан. Азыр алардын баарын жоопко тарттык. Мына, аткезчилер жоголду. Депутат айтты деп, аларды колдой турган болсок, аткезчилик боло бермек. Бүгүнкү күнү Баткенде күйүүчу май боюнча аткезчилик 100% токтотулду. Бул Бажы кызматынын, укук коргоо органдарынын, УКМКнын кызматкерлеринин күнү-түнү жасаган ишинин натыйжасы. Чек ара расмий ачылганча эч кандай аткезчилик болбойт. Депутаттар жана башкалар аткезчиликти коргогонду токтотуш керек», — деди ал.

Количество просмотров: 200