Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев гантель көтөрүп, күчүн сынашты. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланды.
УКМК башчысынын жанындагылар гантель 25 килограммдык экенин айтышты.
Белгилей кетсек, 13-июлда Ташиев менен Жапаров Арстанбаптагы «Ак илбирс» ден соолукту чыңдоо борборунун ачылышына катышкан.