Камчыбек Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркулов кармалганы кабарланууда.
Маалыматтарга ылайык, ал Казакстандан Кыргызстанга кирип келатканда кармалган.
Бул иш боюнча азырынча расмий маалымат бериле элек.
Ал Камчыбек Ташиев УКМК төрагасы кызматынан алынгандан кийин анын атынан билдирүүлөрдү таратып жаткан.