• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Ташиевдин жээни кызматтан алынганы айтылууда

14 Бирдин айы 202618:36 Бишкек Govori.TV

Транспорт прокуратурасынын башчысы Нургазы Матисаков кызматынан бошотулганын Kaktus.media булактарына таянып жазды.

Басылманын маалыматы боюнча, Матисаков кызматынан прокуратурадагы кадрдык өзгөрүүлөрдүн алкагында алынган. Ал мурда прокуратурада бир катар кызматтарда, анын ичинде Өзгөн, Жайыл жана Ысык-Ата райондорунун прокурору болуп иштеген.

Матисаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин жээни экени кабарланууда.

Количество просмотров: 595