• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ташкент аэропортунда 150 миң долларлык алмаз аткезчилигине бөгөт коюлду

15 Үчтүн айы 2024 16:08 Бишкек Govori.TV

Ташкент эл аралык аэропортунда Индиядан учуп келген эки жүргүнчүдөн 1,8 миллиард сумга (150 миң доллар) бааланган алмаздар табылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Бажы комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бажы кызматкерлери алгач жүргүнчүлөрдүн биринин чөнтөгүнөн аткезчилик жол менен алып келинген 281 карат салмактагы алмаздарды табышкан. Болжолдуу баалоого ылайык, алардын жалпы баасы 873 миллион сумду (71 миң доллар) түзөт.

Ошол эле каттам менен Индиядан учуп келген дагы бир жүргүнчүнү текшергенде, анын багажынан түрдүү көлөмдөгү 57 баалуу таш табылган. Алардын жалпы баасы 942 миллион сумду (76 миң доллар) түзөт.

2023-жылы Өзбекстандын бажы кызматкерлери жалпы баасы 32,4 миллиард сумга (2,6 миллион доллар) бааланган 163 килограмм баалуу ташты алып өтүүгө аракет кылган 394 учурга бөгөт коюшкан.

Количество просмотров: 114