• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Ташкентте окуучусун зордуктоого аракет кылган мугалим сегиз жылга соттолду

26 Жалган куран 2024 14:52 Бишкек Govori.TV

Ташкентте сот 12 жаштагы окуучуну зордуктоого аракет кылган деп айыпталган 67 жаштагы музыка мугалимине карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу Ташкент шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, пенсиядагы музыка мугалими Александр Султанов үйүндө жеке сабак өтүп жаткан учурда 12 жаштагы окуучуну зордуктоого аракет кылган.

Былтыр май айында Nemolchi.uz сайтынын редакциясына 12 жаштагы кыздын апасы кайрылган. Ал кызына эки жылдан бери сабак берген музыка мугалими Александр Султанов зордуктаганга аракет кылганын айткан.

Бул маалымат чыккандан кийин мугалимге «14 жашка чыга элек адамга карата сексуалдык каалоосун адаттан тыш формада канааттандыруу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Мындан соң дагы бир окуучу мугалимге каршы арыз жазып, ал аны кичинекей кезинде ыпылас жолго мажбурлаганын билдирген.

Сот шектүүнү күнөөлүү деп таап, жалпы режимдеги колонияга сегиз жылга эркинен ажыратты.

Количество просмотров: 93