• Бейшемби 7 Бештин айы 2023
  • Четверг 7 Декабрь 2023

Ташталган дагы бир ымыркай. Депутат бэби-бокс маселесин көтөрдү

20 ноября 2023 в 13:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында эл өкүлү Эльвира Сурабалдиева ташталган ымыркайлар боюнча өз пикирин билдирип, беби-бокс маселесин көтөрдү.

Анын айтымында, өлкөдө бэби-боксторду ачып, анда балдарды купуя түрдө калтырып кетүү шартын түзүү зарыл экенин акыркы окуялар көрсөттү.

«Дагы бир 20 жаштагы кыз ымыркайын таштап кетип жатат. Өткөн чакырылышта эле мен өкмөттөн суранып, беби-бокс киргизбейлиби дегем. Мага акча көп кетет дешкен. Кыргызстандын бир жаранынын жашоосунун баркы барбы? Бир адамдын баасы канча?»,— деди депутат.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова адам өмүрү акча менен бааланбай турганын айтып, төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Мен да бул сунушту колдойм»,— деди министр.

Белгилей кетсек, кечээ түнү Арча-Бешик жаңы конушунда жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Баланы милиция кызматкерлери Бишкектеги №2 төрөт үйүнө алып барышкан, балага жандандыруучу медициналык жардамдар көрсөтүлгөн. Кийинчерээк наристени төрөп таштоого шек санап, 20 жаштагы С. Ж. аттуу келин кармалды.

Буга чейин 8-ноябрдын кечинде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде желим баштыкка салынган ымыркай таштанды челектен табылган. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.
11-ноябрда баланын энеси кармалып, Октябрь райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган

Количество просмотров: 74