• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Татар диаспорасына берилген унааны Раиса Атамбаева минип алганбы?

31 Бештин айы 2019 10:55 Бишкек Govori.TV

Татарстан Республикасынын президенти Рустам Минниханов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайына унаа белек кылды. Бул маалыматты КСДП партиясы жарыялады. Унааны Раиса Атамбаевага берилип жаткандыгын Апрель телеканалы дагы тараткан.

https://www.facebook.com/april.tv.ru/videos/499215920714569/

Маалыматка ылайык, Минниханов Раиса Атамбаеванын коомдук транспорт менен жүргөн сүрөтүн социалдык түйүндөр аркылуу көрүп, унаа жана айдоочуну дагы бекитип, ага айлык чектеп берген. Ал эми бул маалыматты Раиса Атамбаева өзү дагы ырастаган.

“Раиса Атамбаева Рустам Миннихановдун адамгерчиликтүү мамилесине, колдоосуна чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле элдин колдоосу ага күч кубат жана жаркын келечекке ишеним берип жатканын белгиледи”,-деп айтылат маалыматта.

Көп өтпөй эле Татарстандын президенти Рустам Минниханов Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаевага унаа белек кылып, айдоочу да жалдап берген деген маалыматты Татарстан президентинин басма сөз кызматы четке какты.

«Президенттин атынан Атамбаевага эч кандай унаа берилген эмес. Рустам Минниханов Кыргыз өлкөсүндө 2019-жылдын июнь айларында татар диаспорасы менен жолуккан. Анда активисттер «Туган тел» татар борборуна унаа белек кылуусун өтүнүшкөн. 2019-жылы бул уюм 30 жылдыгын белгилегенин эске алып, Минниханов муну колдогон. Бул сураныч Дүйнөлүк татар конгрессиниин алкагындагы атайын фондго жөнөтүлүп, кабыл алынган. Фонд унаа сатып берип, диаспорага тапшырган» — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 10327