• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

Татарстанда эки аэропорт убактылуу жабылды

15 Бугу 2024 17:25 Бишкек Govori.TV

15-майда Татарстандын Казан жана Нижнекамск шаарларындагы эки аэропорт учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн убактылуу ишин токтотту. Бул тууралуу Росавация мекемеси билдирди.

«Аба кемелеринин экипаждары, авиадиспетчерлер жана аэропорттордун тиешелүү кызматтары учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүүдө. Бул азыр эң башкы приоритет», – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Росавиация учуулардын токтотулушунун себептери боюнча башка эч кандай маалымат берген жок.

Орус бийлиги адатта аэропорттордун ишин дрондордун чабуулу учурунда убактылуу токтотуп келет.

«База» телеграм каналынын маалыматына караганда, 15-майда Татарстанда бир дрон атып түшүрүлгөн.

Кийинчерээк Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматты ырастап, аймакта Украинанын «учак тибиндеги» учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Теги:
Количество просмотров: 121